Пакистандын бизнес делегациясы Кыргызстанга келет

18.02.2022, 14:00 Акчабар
Пакистандын бизнес делегациясы Кыргызстанга келет

Ушул жылдын 18-21-февралында Кыргызстанга ири жана орто бизнес өкүлдөрүнөн турган пакистандык 13 компаниянын жетекчилери келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Сапардын алкагында делегациянын Экономика жана коммерция, Энергетика министрлигинин, Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин жетекчилиги менен жолугушуулары пландаштырылууда.

Ошондой эле, Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги жана Кыргызстандын потенциалдуу бизнес өнөктөштөрү менен бир катар “В2В” форматындагы жолугушуулар күтүлүүдө.

Пакистандык делегация үчүн "Бишкек" ЭЭА, "Каракол" ЭЭА, тоо лыжа базаларына жана жогорку инвестициялык кызыгууну жараткан башка өнөр жай объектилерине саякаттар уюштурулат.

 

Тэги: бизнес форум Пакистан инвестиция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу