Пандемия учурунда Wildberries ишканасынын Кыргызстандагы соодасы 182 % өскөн

21.04.2020, 10:00 Акчабар
Пандемия учурунда Wildberries ишканасынын Кыргызстандагы соодасы 182 % өскөн

Дүйнөнүн дээрлик баардык өлкөлөрү сыяктуу эле, Кыргызстан дагы коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу чек араларды жаап, дээрлик баардык ишканалардын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Аталган чектөөлөр баарынан дагы дүң жана чекене соодага катуу тийди.

Январь-март айларындгы соода жүгүртүүнүн көлөмү кырдаалдын начарлыгын көрсөткөн жери жок, тескеринче анын 9,1 пайызга өскөндүгүн айтууда. Бул кырдаалды базар жана соода борборлорунун көпчүлүгү март айынын акырына жакын гана жабылгандыгына байланыштуу деп айтууга болот. Тагыраак айтканда, алгачкы жоготуулар республикага апрель айынын акырында сезиле башталат. Бирок кризис жалаң гана негативдүү нерселерди алып келберин унутпайлы. Ал ошондой эле бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Соода борборлору менен базарлардын жабылышынан улам электрондук соода-сатыкка болгон суроо-талаптын жогорулашы логикалык жактан туура. Онлайн-дүкөндөр иш алып баруунун жаңы шарттарына кандай адаптациялангандыгы тууралуу «Акчабар» белгилүү Wildberries ритейлеринен кабар алды.

«Коронавирустук инфекциясынын кескин өсүшүнүн шарттарында Кыргызстандагы кызматкерлерибиз жана сатуучуларыбыздын коопсуздугу үчүн Wildberries бир катар сактануу чараларын киргизди: биз кардарларга алдын ала карта менен, же сайт жана тиркеме аркылуу гана төлөнгөн сатып алууларды байланышсыз жеткирүүчү кызматы аркылуу жеткирип беребиз»,-деп билдиришти ишканадан.

Эгерде кандайдыр бир товарлар туура келбей, же кардарга жакпай калса, ал товарды алган жерден кайра жөнөтүп жибере алат, ал акысыз болот. Ишкананын өкүлдөрүнүн айтымында, кардарлар өз буйрутмаларын аларды берүүчү жерлерден дагы ала алышат. Бирок жаңы талаптарга ылайык, буйрутманы алуучу жерге бирден гана адам кире алат, ал эми буйрутманы өлчөп кийип көрүүчү бөлмөлөр жабык.

Эгерде Wildberries ишканасынын сатууларынын статистикасы тууралуу сөз кыла турган болсок, ал Кыргызстанда март айына карата былтыркы жылга салыштырмалуу 182 пайызга өскөн. Кызыгы, ишкананын ички статистикасына ылайык, ритейлердин Кыргызстандагы эң көп сатылуучу товары- бул ремонт мансаптары. Бир жыл ичинде аталган категориядагы товарлардын сатуулары 80 эсеге жогорулаган. Жумуш ушунчалык көп болгондугуна байланыштуу, ишканада кызматкерлерди кыскартуу болгон эмес.

«Wilberriesтин өлкөдөгү курьердик жеткирүү жана товарларды пункттардан берүү кызматтары штаттык режимде иштеп жатат. Кызматкерлердин коопсуздугу үчүн биз кошумча коопсуздук чараларын көрдүк: аларды бет кап жана антисептиктер менен камсыздадык. Андан сырткары, биз тазалоочу заттарды колдонуу менен кеңселерди такай тазалап турабыз»,- деп жыйынтыкташты ишканадан.

Тэги: Wildberries Ишкана Кыргызстан март 182%

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу