Пандемия: ФИФА кыргыз футболуна 1,5 миллион доллар жардам бөлөт

07.08.2020, 09:44 Акчабар
Пандемия: ФИФА кыргыз футболуна 1,5 миллион доллар жардам бөлөт

Эл аралык футбол федерациясы  пандемия кризисинен улам футбол тармагындагы чыгымдарды жабуу жана улуттук федерацияларды колдоо максатында 1,5 млрд. доллар бөлөт.

Каражат уюмга мүчө болгон ар бир футболдук федерацияга 1,5 миллион доллардан бөлүнөт

Кыргызстандын Футбол бирикмеси бул каражаттын бир бөлүгүн өлкө чемпионатын кайра жандандырыш үчүн жумшай турганын билдирди.

«Каражат азырынча бөлүнө элек. Гранттык сумманы алыш үчүн ар бир федерация билдирме ташташы керек. Бул каражат этап-этабы менен берилет. 500 миң доллар кыздар футболуна берилет. Калганы федерация жетекчилигинин жана аткаруу комитетинин чечими менен бөлүштүрүлөт. Көбүнчө улуттук курама командалардын окуу, машыгууларына, Кыргызстандын футбол боюнча премьер-лигасын өткөрүүгө жана ага катышкан командаларды колдоо иретинде коротулат. Жалпылап айтканда, бул сумма кыргыз футболун сактап, пандемиядан жеңил чыгып кетүүгө жумшалат», — деди Футбол бирикмесинин басма сөз катчысы Адилет Керимбеков .

Ал 4-августта Кыргызстандын Футбол бирикмесинин президенти Канат Маматов ФИФАнын президенти Жоани Инфантино менен Азиядагы алты өлкөнүн федерациялары үчүн уюшулган онлайн конференциянын алкагында сүйлөшкөнүн билдирди. Керимбековдун айтымында, Маматов ФИФАнын башчысына эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу улуттук чемпионаттын курамы жана форматы өзгөрүүгө муктаж болгонун, футзал боюнча чемпионат аяктап, Азия чемпионатына даярдык көрүлө баштаганын айтып берген.

Өткөн жумада Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты 7-августта жанданары кабарланган.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам спорттук мелдештердин баары 21-марттан баштап токтотулган. Бул учур Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган Кыргыз премьер-лигасынын 1-турунун оюндары жаңыдан гана башталган мезгилге туш келген. Дээрлик үч айга жакын убакыт тыныгуудан кийин гана футбол клубдары 8-июндан тартып окуу-машыгууга уруксат алышкан. Ал эми балдар, өспүрүмдөр футболу токтоп турат.

Тэги: футбол Кыргыз футболу пандемия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу