Каржы министри: пандемияга каршы күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттардын сарпталышы текшерилүүдө

27.01.2021, 09:50 Акчабар
Каржы министри: пандемияга каршы күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттардын сарпталышы текшерилүүдө

Пандемияга каршы күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттардын сарпталышы боюнча каржы министрлигинин атайын жумушчу тобу текшерүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу каржы министри Кыялбек Мукашев КР президентинин милдетин аткаруучу, ЖК төрагасы Талант Мамытов менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. 

 

 

 

«Жумушчу топ пандемияга каршы күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттардын сарпталышын текшерип жатат, мындан сырткары, Эсеп палатасы өз корутундусун чыгарат», -деп билдирди Кыялбек Мукашев.

 

Ошондой эле министр кредиттерди реконструкциялоо жана аларды төлөөнүн мөөнөттөрүн узартуу боюнча эл аралык институттар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

 

«Ички булактардан дагы каражат изделүүдө, маселен, төлөмдөн баш тартуу боюнча коррупциялык схемаларды көмүскөдөн чыгаруу максатында салык жана бажы органдарынын ишмердүүлүгү фискалдаштырылууда», -деп айтты Мукашев. 

 

Жолугушууда Талант Мамытов карыз милдеттенмелерин реструктуризациялоо жана карыздарды азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанисине токтолду. Ошону менен бирге Мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына тышкы карызды экология жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорго конверсиялоо (алмашуу) механизмдерин карап чыгуу зарылдыгына көңүл бурду.

«Айтылган бардык көйгөйлөр экономикага барып такалууда. Бул чөйрөдө чоң реформалар күтүлүп жатат. Сиз жогоруда тизмектелген маселелердин маанилүүлүгүн эске алуу менен жеке көзөмөлүңүзгө алып, бюджеттин толук аткарылышы жана коюлган милдеттерди аткаруу үчүн оң кадамдарды жасайсыз деп ишенем», — деп белгиледи президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов. 

Тэги: Кыялбек Мукашев каржы министри

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу