Товар импорттоодо демпингге каршы мыйзам долбоору кабыл алынды

10.02.2023, 13:11 Акчабар
Товар импорттоодо демпингге каршы мыйзам долбоору кабыл алынды

Кечээ, 9-февралда парламент жыйынында “Товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешовдун айтымында мыйзам долбоору Дүйнөлүк соода уюмунун эл аралык милдеттерди аткаруу, Кыргызстандын мыйзамдарын ЕАЭБдин ченемдерине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкты. 

“Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн товардын импортунда атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу керек”, - деди ал.   

Ал эми, депутат Жалолидин Нурбаев азыркы учурдун талабы дыйкандарды колдоо программасын иштеп чыгып, жергиликтүү өндүрүүчүлөргө субсидияларды берүү экендигин белгиледи. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу