«Ысык-Көл» аэропортунда жүргүнчүлөрдү ташуу 8%га өстү

21.11.2022, 09:00 Акчабар
«Ысык-Көл» аэропортунда жүргүнчүлөрдү ташуу 8%га өстү

Быйыл тогуз айда “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту 82 миң 528 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун сайтына жарыяланды. 

Бул аралыкта ички авиакомпанияларда жүргүнчүлөрдү ташуу 10 миң 140 адамды, эл аралык каттамдар боюнча 72 миң 388 жүргүнчүнү түздү.

Өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 8%га өстү. Былтыр 2021-жылдын тогуз айында “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту 76 394 адам тейлеген.

Көрсөтүлгөн мезгил ичинде “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда 820 рейс аткарылган. Ага ылайык 151 ички каттам, 669 эл аралык каттам болгон. 

Эскерте кетсек, быйыл тогуз айда “Манас” эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдү ташуунун жалпы көлөмү 3,9 миллион адамдан ашкан.

 

Тэги: Международный аэропорт Манас аэропорт Иссык-Куль

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу