Кыргызстанда иштеген чет элдик жарандардын укуктары, КР жарандарынын укуктары менен бирдей

26.02.2020, 09:40 Акчабар
Кыргызстанда иштеген чет элдик жарандардын укуктары, КР жарандарынын укуктары менен бирдей

Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүк  жүргүзүүгө уруксат берген патенттин Кыргызстандын жарандарына гана берүү керек. Бул тууралуу 25-февралда экономикалык жана фискалдык саясаты комитетинин отурумунда «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров сунуштады.

Эл өкүлү чет элдик жарандар Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкер же жоопкерчилиги чектелген коом катары гана ишмердүүлүк алып баруусу керек деп эсептейт.

Ал ошондой эле бул кызматкер катары патенттин негизинде иштеп жаткан чет элдик жарандарга тийберин билдирди.

КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов аталган сунушту анализдеп чыгууну сунуштады.

«Мындай сунушту кабыл алууга болот, бирок ага ал ЕАЭБдин жарандарына тийбейт деген пункт киргизүү керек деп ойлойм, анткени ал Евразия экономикалык биримдигинин аймагында иштеп жаткан биздин  жарандарыбызга ыңгайсыздык туудурушу мүмкүн»,-деди ал.

Ушул эле отурумдун жүрүшүндө «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Абдумажит Юсуров азыркы күндө «Дордой» жана «Карасуу» базарларында ЕАЭБдин жарандары иштебей эле, Түркия, Кытай жана башка мамлекеттердин жарандары иштеп жаткандыгын билдирди.

«Алар Кыргызстандын жарандарында бар укуктарга ээ, керек болсо биздин жарандарга караганда пайдалуу шарттарда иштеп жатышат. Аталган жарандар өз мамлекетине барып товарларды өз баасына алып келе алышат, муну менен бул рыноктордон биздин жарандар сүрүлүп чыгууда»,- деп эсептейт ал.

Аталган сунуштар айтылып жаткан учурда Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруучу актыларына өзгөртүү киргизүү (КР Салык кодекси жана КР Бузуулар кодекси) экинчи окууда  каралып жаткан, ал Жогорку Кеңештин депутаттары Г. Асылбаева, С. Айдаров, А. Жапаров, П. Тулендыбаев, Гаипкулов И. Икрамов Т, А. Арапбаев  жана У. Примов тарабынан демилгеленген.

Тэги: Патент чкт элдик жарандар Кыргыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу