ПЧР-тест боюнча жасалма сертификат берген жеке лаборатория аныкталды

21.02.2022, 12:16 Акчабар
ПЧР-тест боюнча жасалма сертификат берген жеке лаборатория аныкталды

Жалал-Абад шаарындагы Medicana Plus диагностикалык лабораториясынын QR-коддору менен ПЧР-изилдөөнүн терс натыйжасы жөнүндө жасалма электрондук сертификаттарды даярдоо жана таратуу үчүн туруктуу канал түзүп алышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Аталган лабораториянын өкүлдөрү авиакассада иштеген кызмат адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөн жарандарга жасалма ПЧР-анализдерин сатып жүрүшкөн. ПЧР-тестинин бланкасы 1100 сомдон 1600 сомго чейин болгондугу такталды.

“COVID-19 үчүн ПЧР-тесттерине муктаж болгондор, андан өтпөстөн, Medicana Plus лабораториясынын башкы кеңсесинин кызматкери А.М. аттуу жаранга Whats app мессенджери аркылуу жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрүн берип тургандыгы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Ушундай эле схема Базар-Коргон шаарында да аныкталган. Аталган лабораториянын жергиликтүү филиалынын медайымы ПЧР-тесттерин жүргүзүп, Finca Elsom төлөм системасынын терминалдары аркылуу Medicana Plus компаниясынын башкы кеңсесине акча каражаттарын которгон.

Учурда ыкчам тергөө иш-чаралары уланууда.

Тэги: ПЧР-тест QR-код УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу