Мигранттар өз мекенинде пенсия ала алышат

20.07.2020, 15:10 Акчабар
Мигранттар өз мекенинде пенсия ала алышат

ЕАЭБ мамлеке башчылары пенсиялык камсыздандыруу тууралуу макулдашууга кол коюуусу керек, андан соң ал күчүнө кирет. Бул тууралуу 17 июлда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Уланбек Асанов билдирди.

«Бүгүнкү күндө көпчүлүк жаш кыргызстандыктар чет мамлекеттерде, негизинен Орусияда эмгектенүүдө. Стаждын жоктугунан алар кийин пенсиясыз калышы мүмкүн. Андыктан, 2015-жылдан бери аталган макулдашуунун үстүнөн сүйлөшүүлөр жүрүп келген. 2019-жылдын 20-декабрында Санкт-Петербургда беш өлкөнүн президенти документке кол койгон, азыр мамлекеттердин ичиндеги жараяндар, ратификациялоолор аяктоодо»,-деди ал.

 

Асанов белгилегендей, макулдашуу күчүнө кирген убактан тарта пенсиондук төлөмдөр экспорттоло баштап, кыргызстандыктар өздөрүн пенсия менен камсыздай алышат.

Тэги: пенсии Кыргызстан ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу