Пенсионерлерге «Тулпар» льготалык карталарын алуу жеңилдетилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты.
24-февралдан тарта пенсионерлер пенсиондук күбөлүгүнө мөөр бастыруу үчүн Социалдык фондго өз алдынча барууга муктаж болбойт.
Мэрия белгилегендей, пенсионерлердин тизмелери «Тулпар» карталарынын кызыл түстөгүлөрүн берүүчү борборлоруна жөнөтүлгөн.
Льготалык категориядагы картаны алуу үчүн пенсионер төмөнкү талаптарды аткарышы керек:
Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы швейцариялык BPC AG ишканасы менен биргеликте «Коомдук транспорттогу электорондук билеттештирүү» долбоору үстүндө иш алып барууда. Азыркы учурда муниципалитет системаны сыноодон өткөрүп, каталары үстүндө иш алып барууда, азырынча троллейбустарда жана автобустарда төлөмдү карта менен жана накталай акча менен төлөөгө болот. 1-марттан тарта система толугу менен ишке кирет.