Пенсионерлердин көбү Ош жана Жалал-Абад облустарында жашайт

11.04.2022, 15:37 Акчабар
Пенсионерлердин көбү Ош жана Жалал-Абад облустарында жашайт

Республика боюнча пенсия алгандардын көбү Ош облусунда жашайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде “Пенсия системасын реформалоо жана 2023-2026-жылдарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун өнүгүүсү жөнүндө” концепциянын долбоорун талкуулаган парламенттик угуу учурунда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева парламенттик угуу учурунда билдирди.

Анын ыйтымында, Ош өрөөнү боюнча 141 686 жаран пенсия алат. Андан кийинки орундарда Жалал-Абад жана Чүй облустары турат.

“Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча Бишкек шаарынын тургундары көп чегерет”,- деди Жуматаева.

Айта кетсек, жогоруда аталган долбоорду талкуулаган парламенттик угуу өтүп жаткан учурда Социалдык фонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка көтөрүүнү сунуштап жатканы маалым болду. Ал эми Кыргызстанда учурдагы система боюнча пенсияга эркектер 63, аялдар 58 жаштан чыгат. 

Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, буга чейин Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанда пенсия алуучулардын саны 713 миң жаранды түзөөрүн билдирген. Пенсия алуучулардын  ичинен жарымы (49%) жашоо минимумунан төмөн өлчөмдө пенсия алат. Ал эми расмий маалыматтар боюнча, эркектердин пенсиясы аялдардыкынан (айына 5410 сом) бир аз жогору (айына 6162 сом). Орточо пенсиянын эң чоң ажырымы Бишкек шаарында катталган, мында аялдардын пенсиясы эркектердикинин 88%га жакынын түзөт. Ошондой эле үстүбуздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны 1 миң 800 сомго көбөйүшү күтүлүүдө.

Тэги: пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу