Дачанын ордуна кара деңизден үй алуу пайдалуубу? Россиялык пенсионерлердин жаңы адаттары тууралуу

26.04.2019, 14:51 Акчабар
Дачанын ордуна кара деңизден үй алуу пайдалуубу? Россиялык пенсионерлердин жаңы адаттары тууралуу

Эгерде мурда дача россиялыктар үчүн эс алуунун эн арзан варианты болсо, азыр салыктын салынышы  чоочулатууда. Учурда дачасынан тез кутулууну каалагандар көбөйүп, пенсиядагы жана бул куракка  жакындап калгандар ага альтернатива табышты деп жазат «Рамблер».

Россиянын ар кайсыл аймагында жүргүзүлгөн изилдөөгө  караганда, 50 жаштан ашкан жарандары кара деңиздин жээгинен кыймылсыз мүлк сатып алышууда. Алар кара деңиздин жээгиндеги курортук шаарлардагы сатып алуулардын  30% түзгөн. 

Ушундай эле абал Анапа менен Геленджикте байкалууда. 50 жаштан өйдөгу россиялык жарандар Краснодар менен Ростове-на-Донуда дагы 30% кыймылсыз мүлк сатып алышууда. Пенсионерлер же  ага жетип калгандар бир бөлмөлүү же эки бөлмөлүү батирлерди сатып алууда.  

Аналитиктер соодагы бул тренди дачага алтернатива издеген амал катары баалашты. Эми дачаны кармоо кымбат болууда. Андан киреше табуу да кыйын. Ал эми курортук аймактагы турак жай киреше табууга ыңгайлуу вариант.  

Ошондой эле, талдоочулар 2018-жылы  эки эсе  (58%) 60 жаштан ашкан россиялыктарга  ипотекалык кредиттер көп берилгени айтылды. 

Тэги: Россия дачи пенсионеры

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу