2020-жылдын ноябрь айында казакстандыктардын пенсиялык топтому 30 млрд доллардан ашкан. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу өсүү 19.5% түзгөн. Бул тууралуу ranking.kz порталы билдирди.
Маалыматка ылайык, өсүү пенсиянын бардык түрүндө тең катталган. Жыл башынан бери топтолгон эсепке 2 млрд доллар которулган.
Пенсиялык топтомдордун кирешеси 2020-жылы 10.8% түзгөн, инфляция маалында 7.1% түзгөн.