Мамлекеттик баалуу кагаздардын биринчи рыногу КФБга өтүшү мүмкүн

21.07.2022, 16:24 Акчабар
Мамлекеттик баалуу кагаздардын биринчи рыногу КФБга өтүшү мүмкүн

Каржы министрлиги мамлекеттик баалуу кагаздардын соодасын Улуттук банктан Кыргыз фондулук биржасына өткөрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу “Ички облигациялар рыногун жакшыртуу боюнча сунуштар” тегерек столунун жүрүшүндө каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

Министрдин орун басары белгилегендей, ведомствонун алдында мамлекеттик баалуу кагаздардын биринчи жана экинчи рыногун өнүктүрүү жана жандандыруу милдети турат.

“Биз мамлекеттик баалуу кагаздарыбыз менен Кыргызстандын фондулук биржасына экинчи жолу кирүүгө аракет кылабыз”, - деди Татиков.

Каржы министрлиги мамлекеттик баалуу кагаздарды кайра сатып алуу боюнча операцияларды баштоо үчүн документтер жылдын аягына чейин даяр болот.

Тэги: Кыргызская фондовая биржа государственные ценные бумаги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу