Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин профицити 3,7 млрд сомду түздү

15.11.2021, 14:49 Акчабар
Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин профицити 3,7 млрд сомду түздү

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын тогуз айында мамлекеттик бюджет 3 миллиард 7 миллион сом суммасында профицит менен аткарылды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалм болгондой, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 145 миллиард сомдон ашык сумманы түздү, бул өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 43 миллиардга көп, ал эми мамлекеттик бюджеттин таңсыктыгы 15,6 миллиард сом өлчөмүндө катталган.

"Ошол эле учурда салыктык түшүүлөр 107 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 34 млрд сомго көп. Ал эми салыктык эмес кирешелер 32 миллиард сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 10 миллиардга көп”, - деп билдирди Улуттук статистикалык комитет.

Тэги: профицит статистика бюджет КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу