Бишкекте өткөн аялдардын бизнес-форумунун жыйынтыгында 10,3 млн долларлык келишимдер түзүлдү

22.09.2021, 10:50 Акчабар
Бишкекте өткөн аялдардын бизнес-форумунун жыйынтыгында 10,3 млн долларлык келишимдер түзүлдү

Бир күндө ишкер айымдар 10 миллион 320 миң долларлык 11 келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева кыргыз-өзбек бизнес форумунун жабылышында билдирди.

Тактап айтканда, СП SPZ-Bearings менен "Кыргыз Винд Систем" ААКсынын ортосунда Кыргызстанга подшипниктерди жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган. Келишим бир жылга түзүлдү, анын суммасы 2 млн долларды түзөт.

Мындан тышкары, Hyundai Elevators Kyrgyzstan компаниясы "Ташпулат Строй Инвест" ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Өзбекстанга лифт жабдууларын 1 миллион долларга жеткирет, өз кезегинде, компаниялардын ортосунда түзүлгөн экинчи келишимге ылайык, "Ташпулат Строй Инвест" ЖЧКсы ошол эле суммага курулуш материалдарын экспорттойт.

Ошондой эле, жакында Самарканд облусунда Кыргызстанда популярдуу болгон "Академия ростанын" менталдык арифметика боюнча мектеп ачылат. Бул ALSAEDA ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдин натыйжасында мүмкүн болду.

Ошентип, жалпысынан, 11 келишим 10 миллион 320 миң долларга түзүлдү.

Тэги: бизнес-форум женское предпринимательство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу