Кыргызстанда сентябрь айында салык рейддери өткөрүлөт

26.08.2022, 13:07 Акчабар
Кыргызстанда сентябрь айында салык рейддери өткөрүлөт

Мамлекеттик салык кызматыcентябрда транспорт каражатына, турак-жайга жана жерге салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддерди өткөрө баштайт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөөгө үлгүрбөгөн транспорттун, турак жайдын жана жеке менчик жер тилкесинин ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, кечиктирилген ар бир күн үчүн административдик айып төлөөгө

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөөгө үлгүрбөгөн транспорттун, турак жайдын жана жеке менчик участоктордун ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары административдик, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн айып төлөөгө мажбур болот.

Ушул жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

  • транспорт салыгы;
  • турак жайларга, батирлерге салык (ишкердик үчүн пайдаланылбайт);
  • үй жанындагы, чарбалык жана бакча участокторуна салык.

Салык төлөөгө чейин Salyk.kg "Жеке кабинети" аркылуу электрондук түрдө же салык органына баруу менен кагаз түрүндө маалыматтык эсепти тапшыруу зарыл.

Ал эми салыктын суммасын сalculator.salyk.kg сайтында өз алдынча эсептесе болот.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып пул каралган.

Толук маалыматты аймактык салык органдарынан, ошондой эле 116 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алса болот.

Тэги: рейд ГНС налог на авто налог на имущество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу