Кыргызстандын товарлары Улуу Британиянын базарына алымсыз жеткирилет

28.11.2022, 11:46 Акчабар
Кыргызстандын товарлары Улуу Британиянын базарына алымсыз жеткирилет

Кыргызстандык ишкерлерге Улуу Британиянын “Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн соода схемаларын” (DCTS) колдонуу сунушталууда. Бул системаны таанытуу иш-чарасы бүгүн Бишкекте өттү.

Белгилей кетсек, схема келерки жылдын башында күчүнө кирет.

“Developing Countries Trading Scheme” эрежелерди жөнөкөйлөтөт, тарифтерди дагы төмөндөтөт, кээ бир мезгилдик тарифтерди жокко чыгарат, товарлардын чыгуу схемаларын кайра карап чыгат жана жакшыраак тарифтерге жетүү үчүн эрежелерди жөнөкөйлөтөт.

“Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн соода схемалары” алкагында Кыргызстан экономикалык алсыздыктын индикаторунун негизинде кеңейтилген преференцияларды алат. Бул учурдагы Улуу Британиянын ЖПС+ боюнча категориясы болуп эсептелет.

Мындан тышкары, кошумча 156 товарга тарифтер жокко чыгарылат. Кыргызстандын товарларынын дээрлик бардык экспорту эркин кирүүгө укуктуу. Бирок, DCTS тарифтеринин төмөндөшүнөн пайда алган негизги товарлар кийим-кече, бут кийим, текстиль, даярдалган тамак-аш жана суусундуктар болуп саналат.

 

Тэги: новости Кыргызстана DCTS Великобритания

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу