Эми «‎Бай-Түшүм» банкынан алынган насыяны почта бөлүмдөрүндө төлөөгө болот

02.07.2021, 09:16 Акчабар
Эми «‎Бай-Түшүм» банкынан алынган насыяны почта бөлүмдөрүндө төлөөгө болот

"Бай-Түшүм" банкы берилген насыялар үчүн төлөмдөрдү алуу үчүн агенттер тармагын кеңейтүүдө. Ага ылайык, 14-июндан баштап насыяны "Кыргыз почтасынын" 89 филиалынын биринде төлөсөңүз болот, жылдын аягына чейин бул кызмат "Кыргыз почтасынын" бардык бөлүмдөрүндө иштей баштайт.

Дүйнөлүк банктын "Финансы секторун өнүктүрүү" долбоорунун алкагында 2020-жылдын башында каржы-кредит мекемелерине "Кыргыз почтасы" филиалдары тарабынан төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Агенттердин тармагын кеңейтүү идеясына биринчилерден "Бай-Түшүм" банкы кызыкдар болуп, планды аткара баштады.

"Биз "Кыргыз почтасы" менен келишим түздүк, андан кийин биз өз тутумубузду "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын тутуму менен техникалык интеграциялоону баштадык. Бизге үч айдай убакыт кетти. Насыяларды почта бөлүмдөрү аркылуу төлөө кызматы биздин кардарларга 14-июндан баштап жеткиликтүү болуп калды. Аны буга чейин биздин насыя алуучулар Нарын, Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарында, ошондой эле Кант шаарында колдонуп келишкен", - дейт "Бай-Түшүм" банкынын санарип өнүмдөрүн иштеп чыгуу боюнча менеджери Аскар Тойматов.

Кызматтын жол-жобосу өтө жөнөкөй жана заманбап шаймандарды колдонууда кыйынчылыкка туш болгон улгайган адамдарга, ошондой эле республиканын алыскы аймактарында жашагандарга ылайыктуу. Система менен кардардын ортосундагы ортомчу почта кызматкери болуп саналат. Насыя төлөө үчүн сиз паспорт жана насыя алганда автоматтык түрдө банкта ачылган эсеп номерди көрсөтүшүңүз керек. Ал насыяны аралыктан төлөө үчүн гана иштелип чыккан. Эсепке ээлик кылуунун чоо-жайын текшергенден кийин, почта кызматкерине керектүү сумманы берүү керек. Керектүү операциялардан соң, почтанын кызматкери квитанция берет.

"Пилоттук долбоордун алкагында, биз транзакцияларга чектөөлөрдү койгонбуз, андыктан бир учурда 25 миң сомго чейин, күнүнө 70 миң сомго чейин салсаңыз болот. Ошондой эле, насыяны үчүнчү жак төлөй алат, анын суммасы 70 миң сом менен чектелет", - деп түшүндүрдү Тойматов.

Банк менен почтанын кызматташтыгынын негизги артыкчылыгы - республиканын эң алыскы аймактарында дагы "Кыргыз почтасынын" филиалдары бар. Банктын талдоосу көрсөткөндөй, тоолуу аймактардагы кардарлар насыяларды төлөөдө 2020-жылдын апрелинен майына чейинки мезгилде кыйынчылыктарга туш болушкан.

 

Тэги: Бай-Тушум Кыргыз почтасы кредиты погашение деньги банки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу