Тажикстандан аткезчилик жол менен алынып келе аткан 1 млн. сомдук жүк кармалды

14.09.2019, 10:45 Акчабар
Тажикстандан аткезчилик жол менен алынып келе аткан 1 млн. сомдук жүк кармалды

14 – сентябрда чек арачылар Лейлек чек ара отрядында Мамлекеттик чек ара кызматкерлери менен биргеликте Тажикстандан келе жаткан  мыйзамсыз жүктү кармашкан. Бул тууралуу аталган тармактын басма сөз кызматы билдирет. 

Кыргызстандын 1995 – ж. туулган У.А. аттуу жараны  Мercedes- Sprinter үлгүсүндөгү автоунаага мыйзамсыз жүк ташып бара жаткан: 10 кычкылтек балондору, 10 тигүүчү машинасы, 500 кг жаңгак, 49 оролгон баштык жана салфеткалар болгон. 

Аткезчилик менен бара жаткан автомашина чек арачылар тарабынан Лейлек районунун Жаштык айылында кармалган. Айдоочуда товарды тастыктаган документтер жок болуп чыккан. 

Кармалган мыйзамсыз жүктүн жалпы суммасы 1 млн. сомду түзгөн. Бул иш КР Мамлекеттик чек ара кызматына өткөрүлуп берилди. 

 

Тэги: контрабадный груз граница

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу