Айлык акынын жогорулашы боюнча Кыргызстан ЕАЭБден алгачкы үчтүккө кирди

26.08.2020, 09:00 Акчабар
Айлык акынын жогорулашы боюнча Кыргызстан ЕАЭБден алгачкы үчтүккө кирди

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен январь-июнь айларында Белорусияда эмгек акы 8.3%, Арменияда - 4.8%, Кыргызстанда - 4.4% жогорулаган. Ал эми эң жогорку көрсөткүч Казакстанда 9.3% катталган. Бул тууралуу ЕЭК билдирди. 

Муну менен катар Россияда эмгек акынын жогорулашы болгону - 2.9% гана түзгөн. 

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында, 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу Арменияда - 5.4%, Белорусияда - 13.5%, Казакстанда - 16.3%, Кыргызстанда - 10.5%, Россияда - 5.8% жогорулаган. 

 

Бирок, ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда эң төмөн айлык акы (242 $) төлөнөрүн белгилей кетүү керек. 2020-жылдын  6 ай ичинде Кыргызстанда номиналдык эмгек акынын жогорулашы гана алгачкы үчтүккө кирүүгө себеп болгон. 

 

 

Тэги: зарплата ЕАЭС ЕЭК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу