Мамлекеттик сатып алуулардын жарымы жергиликтүү ишкерлер тарабынан ишке ашкан

14.11.2019, 14:57 Акчабар
Мамлекеттик сатып алуулардын жарымы жергиликтүү ишкерлер тарабынан ишке ашкан

Мамлекеттик сатып алуулар линиясы боюнча ата мекендик өндүрүштөн чыккан товарларды алуу менен жергиликтүү ишкерликке натыйжалуу колдоо болууда. Бул тууралуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Былтыр 2019-жылдын бюджетин бекитип жаткан учурда, мамлекеттик сатып алуулардын алкагында сатып алынган товардык позициялардын 75%дан ашыгы импорт болуп эсептелери айтылган. Ошондо биз мамлекеттик сатып алуулар системасын реформалоо боюнча өз максаттарыбызды айтканбыз. Биз бул багыттагы иштерди актвдүү жүргүздүк жана алгылыктуу жыйынтыктар бар. Жалпы суммасы 66,6 млрд. сомго сынак өткөрүлгөн, тагыраак айтканда,  48,3% – товарларды жана кызматтарды ата мекендик өндүрүүчүлөр менен ишкерлерден алдык. Биздин максат – ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, менин оюм боюнча бул максатыбызды ишке ашыруудабыз», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондуктан, азык-түлүктүн көпчүлүк бөлүгү, атап айтканда 86,6%, республиканын аймагынан сатып алынган.

«Мындан тышкары быйыл жергиликтүү өндүрүштөн чыккан курулуш материалдарына суроо-талап жакшы болду. Алар сатып алынган курулуш материалдарынын жалпы көлөмүнүн 82,5%  түздү. Дагы бир жакшы жетишкендигибиз мамлекеттик маанидеги документтер, техникалык паспорттун бланкасы, айдоочулук күбөлүктү ата мекенгдик ишканалар чыгара баштады. Булар мурдагыдан кыйла арзан болууда. Эгер буга чейин эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр 557 сом болсо, азыр 52 сом болду. Кадимки айдоочулук күбөлүк, тагыраак айтканда, улуттук үлгүдөгүсү 10 эсе арзандады. Бул – акчалар биздин өлкөдө калаарын, ошол эле учурда элдин чөнтөгүнө күч келбей каларын айтып турат», – деп белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы мамлекеттик сатып алуулар тутумуна киргизилип жаткан башка жаңылыктар тууралуу да айтып берди.

Тэги: госзакупки бизнес экономика кыргызские товары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу