Былтыркы жылы Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн Орусиянын жардамы 10 млн доллардан ашкан

03.12.2021, 10:06 Акчабар
Былтыркы жылы Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн Орусиянын жардамы 10 млн доллардан ашкан

Кыргыз Республикасына кайтарымсыз каржылык жардам көрсөтүү келишиминин алкагында Россия Федерациясы республикалык бюджеттин каржылык боштугун жабууга 20 млн доллар бөлдү. Макулдашууга эки өлкөнүн каржы министрликтеринин ортосунда 2020-жылдын 21-декабрында кол коюлган.

Ошол эле маалда “2020-жылга республикалык бюджет жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө жардамдын көлөмү 30 миллион доллар деп болжолдонууда.

"Натыйжада республикалык бюджеттин ресурстарынын көлөмү негизсиз 10 млн долларга, же 806 млн сомго көбөйтүлгөн (КР Улуттук банкынын курсу боюнча 1 долларга 80,6 сом). Жыл ичинде республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн түшүүлөрүн/кыскартууларын пландаштыруу донорлордон түшкөн каражаттардын иш жүзүндөгү түшүүлөрүн эске алуу менен ишке ашырылууга тийиш", - деп билдирди Эсеп палатасы.

Кошумчалап кетсек, 2020-жылы бюджетти колдоо үчүн Кыргызстан донорлордон 27 миллиард 842,2 миллион сом тарткан.

Тэги: Россия безвозмездная помощь бюджет Кыргызстан дефицит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу