2021-жылдын 24-июнунан баштап "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" аэропортторунун имараттарына жүргүнчүлөр гана киргизилет. Бул тууралуу "Манас" ААКтын расмий сайтында маалымдалды.
Мындай чаралар COVID-19дун жайылышын алдын алуу үчүн көрүлөт. Чектөөлөр өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин күчүндө болот.
Белгиленген күнү учууга билети бар жүргүнчүлөр гана аэропорттун имараттарына кире алышат.