Кыргызстанга автоунааларды жеткирүү эки эсеге кыскарды

17.01.2022, 11:10 Акчабар
Кыргызстанга автоунааларды жеткирүү эки эсеге кыскарды

2021-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанга 15 миң 198 унаа сырттан алынып келинсе, анын 11 миң 373ү жеңил унаа. Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитети тарабынан келтирилген.

Ошону менен бирге эле өлкөгө автоунааларды алып келүү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге кыскарган, анда Кыргызстанга 24 миң 233 даана унаа ташылып келген. Ал эми жүк ташуу унаалар тескерисинче дээрлик 900гө көп ташылып келинген.

Кыргызстанга жеңил унааларды алып келүүнүн азайышы АКШдан (13,8 эсеге) жана Казакстандан (13,4 эсеге) ташып келүүнүн кескин кыскарып кетиши менен байланыштуу. Алсак, 2020-жылдын январь-ноябрь айларында Америкадан Кыргызстанга 13 миң 803 унаа ташылып келсе, 2021-жылдын ушул эле мезгилинде болгону миң унаа гана алынып келинген. Ал эми былтыр Казакстандан 362 гана унаа алынып келинсе, 2020-жылдын январь-ноябрында бул көрсөткүч 4867 болгон.

Муну менен, 2021-жылы Орусия менен Корея Кыргызстанга жеңил унааларды жеткирүү боюнча лидер болуп калды.

Ошону менен бирге, белгилей кетүүчү нерсе, Грузиядан Кыргызстанга жеңил унааларды жеткирүү олуттуу түрдө көбөйгөн, тактап айтканда, 2,8 эсеге. 2020-жылдын январь-ноябрь айларындагы 585 унаанын ордуна 1640 унаага чейин өскөн.

Тэги: автомобили Кыргызстан импорт рынок автомашин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу