Инвесторлорду тартуунун бирден-бир жолу – туризм болуп эсептелинет. 2019 – жылы Кыргызстан туристтер үчүн эң жагымдуу топ-5 өлкөнүн катарына кирген. Бул тууралуу прьемер-министр бүгүн “Евразия жумалыгында” билдирди.
Кыргызстанга жыл сайын 4-5 млн. турист келээри белгилүү. 2023-жылга чейин өкмөт туризмдин ИДПдагы үлүшүн 7% жеткирүүнү көздөйт.
“Кыргызстан эл аралык Duing Business рейтингинде 70-орунду ээлеп, өзүнүн ордун жакшыртууда. 2017 – жылдан тарта өлкө жети тепкичке көтөрүлдү. Убакыттан пайдаланып, инвесторлорду тартуу жолун айта кетсем, биринчи орунда – туризм турат. Өлкөдө 6 млн. калк жашайт, жылыга келген туристтердин саны 4-5 млн.го жетет. Бул ар бир кыргызстандык бирден турист тосот дегенди билдирет” – деп кошумчалады өкмөт башчы.
Мухаммедкалый Абылгазиев бизнести өнүктүрүү үчүн өткөрүлө туруучу төмөнкү иштерге токтолду:
• бизнес-омбудсмендердин институтун түзүү;
• ишкердик субъекттерин текшерүү боюнча мораторий киргизүү;
• Региондогу башталгыч ишкерлерди жер жана кыймылсыз мүлктөргө жана кирешеге болгон салыктан бошотуу;