Кыргызстандык сегиз жаш ишкерлер бизнести өнүктүрүү үчүн грант алышты

05.04.2019, 17:45 Акчабар
Кыргызстандык сегиз жаш ишкерлер бизнести өнүктүрүү үчүн грант алышты

АКШ  агентсвосунун  финансалык колдоосу  менен отуздан ашык ишкерлер «Демилгелүү жаштар» бизнес-долбооруна катышып, анын ичинде сегизи жеңишке жетишти. Жеңишке жетишкендер бизнесин өнүктүрүүгө гранттарга ээ болушту. 

Программага  баардыгы болуп Бишкек, Ош жана Жалал-Абад областарынан жүздөй ишкер катышкан. Программанын алкагында бизнести эффективдүү башкаруу боюнча окуулардан өтүшүп, анын жыйынтыгында бизнес-план түзүп, андагы тобокелдиктерди эске алуу зарлы болгон.   

Сегиз жаш ишкер грантка ээ болушту. Алардын бири спорттук кийим тигүүгө бирөө  шейшептерди тигүүгө грант утуп алса, кондитердик азыктар,сувинир жасоо, эмерек, тигүү цехтерин ачуу жана мини-ателье  ачуу тууралуу идеялар  жеңишке жеткен.  

«Бир жылдан бери эмне кылаарымды билбей кыжалат болуп жүргөм. Бирок, бул окуудан кийин тоону томкоруп, идеяларымды ишке ашырсам деп калдым. Анткени окууда баардык нерсе эсепке алынып, эми ишти баштаганы турабыз» – деп билдирет кондитердик цех ачууга долбоор жазган Шабданбек кызы Гулзина.

Программанын  алкагында 400 жаш адамды окутуу жасап, алар гран үчүн бизнес-план жаза алышат. Тренинг Борбордук Азия Университетинин үзгүлтүксүз билим берүү  борбору тарабынан  «Демилгелүү жаштар» долбоору менен ишке ашты.

 «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандагы жаштарды экономикалык жактан  ишкерликке аралашууга багытталган. Ал USAID тарабынан каржыланып, MSDSP KG (Тоолуу аймактардагы мамлекеттерди колдоо үчүн), Борбордук Азия Университети, Соцциалдык ишкерлер ассоциациясы, IDEA CA  жана Accelerate Prosperity тарабынан уюштурлууда.

Тэги: предприниматели бизнес гранты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу