Кыргызстандын 20 компаниясы Турциянын 11 өнөр-жай ишканасы менен барып таанышып келишти. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Ишкерлер жана Чүй облусунун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы Турциянын тамак-аш, өнөр-жай жана кайра иштеп чыгуу, энергетика, курулуш, айыл-чарба тармагынын өкүлдөрү менен таанышышты. Тараптар В2В жолугушуусун өткөрүштү.
Турциялык компаниялар бут кийим чыгаруу, айыл-чарба продукцияларын өркүндөтүү, керамиканы кайра иштетүү, энергетика тармагы боюнча Кыргызстанга компания ачууга кызыкдар экенин билдиришти.