Орусияда кирешеси 2 млрд рублга чейинки коомдук тамактануу ишканалары КНСтен бошотулду

17.06.2021, 16:00 Акчабар
Орусияда кирешеси 2 млрд рублга чейинки коомдук тамактануу ишканалары КНСтен бошотулду

Орусияда кирешеси 2 миллиард рублдан ашпаган кафе-ресторандар 2022-жылдан баштап кошумча нарк салыктан бошотулат. Тиешелүү мыйзам Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасы тарабынан кабыл алынды.

Бирок, салык төлөөчүлөр товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирип берүүчүлөрдөн - чет өлкөлүк уюмдардан КНСти кармоо жана төлөө милдетин алышат. Ошондой эле, салык төлөөчү тарабынан эсептен чыгарууга кабыл алынган салыктын суммалары өндүрүлүүгө тийиш.

“Эгерде ишканалар өткөн календардык жыл үчүн кирешенин суммасы жалпысынан 2 миллиард рублдан ашпаса, КНСтен бошотулат. Мындай уюмдардын же жеке ишкерлердин жалпы кирешесинде коомдук тамактануу кызматын сатуудан түшкөн кирешенин үлүшү кеминде 70% түзүшү керек", - деп айтылат Мамлекеттик Думадагылардын маалыматында.

Тэги: Россия НДС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу