“Электр станциялары” ААКнын Башкы дирекциясынын мүчөсү Эркин Тавашаровдун ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Мындай чечимди директорлор кеңеши 16-июнда кабыл алды.
Мындан тышкары, берилген арызга ылайык, компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү Байзак Азизбековдун ыйгарым укуктары токтотулду.
Белгилеп кетсек, Эркин Тавашаров "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору болуп 2022-жылдын январында дайындалган.