Чолпон-Ата чогулган өкмөт башчылары эмне документтерге кол койду (тизмеси)

09.08.2019, 16:01 Акчабар
Чолпон-Ата чогулган өкмөт башчылары эмне документтерге кол койду (тизмеси)

Чолпон-Ата шаарында өткөн ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Төмөндө документтердин тизмесин келтиребиз:

1. Дүйнөлүк интеграциялык бирикмелердин жана «евразиялык компанияларды» түзүү боюнча мамилелердин алкагында  улуттар аралык компанияларды түзүү тажрыйбасы жөнүндө – Тапшырма.

2.  Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 13-февралындагы № 28 Чечимин колдонуу тууралуу – Тапшырма.

3. Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүү ченемдери жөнүндө – Буйрук.

4. 2018-жылдагы Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын эсепке киргизүү жана бөлүштүрүү жөнүндө – Буйрук.

5. Транс чек аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү Концепциясы жөнүндө – Чечим.

6. «Евразиялык өнөр жай кооперациясы, субконтрактация жана технологиялардын трансфери түйүнү» долбоорунун паспорту жөнүндө – Чечим.

7. Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагы боюнча кооптуу калдыктардын транс чек аралык кыймылы жөнүндө Макулдашуунун долбооруна кол коюу жөнүндө – Макулдашуу.

8. Евразия экономикалык биримдигинин катышуучу мамлекеттеринин айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, булгаары, пахта буласы жана жүн боюнча 2019-2020-жылдарга карата агрардык өнөр жай комплексин, суроо-талап баланстарын жана сунуштарды өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдору жөнүндө – Буйрук.

9. Бажы биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясы жөнүндө 2011-жылдын 22-июнундагы  Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколуна кол коюу тууралуу – Протокол.

10. Евразия экономикалык биримдигинин Сотунун жана Евразия экономикалык комиссиясынын финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө – (Кызматтык иште пайдалануу үчүн) Буйрук.

11. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсүнүн талапкерлигин сунуштоо жөнүндө – Буйрук.

12. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жери жана убактысы жөнүндө – Буйрук.

 

Тэги: ЕМПС ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу