Жалал-Абад облустук ооруканасы дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.
Тендердин баасы 11 миллион 6 миң 500 сомду түзөт. Бул суммага оорукана гепарин, амлодипин, каптоприл жана башка дарыларды, ошондой эле бинт, бут кийим, медициналык баш кийим, термометр ж.б. сатып алууну пландоодо.
Тендерди уткан тарап суроо-талап боюнча дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жеткирүүгө тийиш.