Президент Эмил Осмонбетовдун ишин катуу сынга алды

24.01.2020, 14:30 Акчабар
Президент Эмил Осмонбетовдун ишин катуу сынга алды

Коопсуздук Кеңештин жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин жетекчиси Эмил Осмонбетовго катуу чара колдонуу керек экендигин билдирди. 

Анын себеби,Коопсуздук Кеңешинин мурунку жыйынындагы чечимдерди толук эмес аткаргандыгы болгон. 

Андан сырткары, президент энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин эки өкүлүнө (аттарын атаган жок) дагы сөгүш жарыялоо керек экендигин сунуштады. 

Азыркы учурда Мамлекеттик комитеттин орун басарлары болуп, төмөнкүлөр иш алып барат: 

- Ибраев Карыбек Эмилжанович;

- Жаманбаев Мырза Кермалиевич;

- Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич.
 

 

Тэги: президент президент КР сөгүш Осмонбетов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу