Президент «Исфана — Кайрагач КӨП» автожолунун курулушу менен таанышты

11.03.2020, 17:00 Акчабар
Президент «Исфана — Кайрагач КӨП» автожолунун курулушу менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Баткен облусундагы «Исфана — Кайрагач көзөмөл өткөрүү пункту (КӨП)» автожолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов негизги курулуш иштери бүткөндүгүн, бүгүнкү күндө жол белгилерин орнотуу, жөө адамдардын өтмөктөрү жана аялдама пункттары боюнча иштер жасалып жаткандыгын маалымдады.

«Исфана — Кайрагач КӨП» автожолунун жалпы узундугу 36,1 чакырым.

Жергиликтүү тургундар менен болгон баарлашууда Мамлекет башчысы өлкөнүн транспорт далистерин реконструкциялоо бардык облустарда улантыла тургандыгын билдирди. Бул иштер аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналаарын дагы бир жолу баса белгиледи.

Тэги: президент Исфана-Кайрагач КӨП автожол

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу