Президент: «Азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт»

15.04.2020, 12:15 Акчабар
Президент: «Азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт»

Азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээбеков Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып билдирди. 

Президент өлкөдөгү абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылып, сөз сүйлөдү.

«Чыңгыз Айтматов айткандай, «бүгүн баарыбыз тең бир кайыктабыз». Азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт. Муктаж болгондорго жардам берүү учурдагы эң көйгөйлүү милдет катары аныкталган», - деди өз сөзүндө өлкө башчысы.

Президент кошумчалагандай, мамлекет тарабынан жасалчу социалдык коргоонун баардык механизмдер колдонулат.

«Аярлуу катмардагы жарандарды күнүмдүк тамак-аш менен камсыз кылуу маселесин чечебиз. Пенсиялар, жөлөкпулдар, айлык акылар сакталат, өз убагында берилет.Өкмөт бул багыттагы иш-чаралар үчүн зарыл болгон резевдердин баарын колдонууга мүмкүнчүлүгү бар. Баарыңарга белгилүү, бизде башка өлкөлөрдөгүдөй резервде „коопсуздук жаздыгы» болгон эмес», - деди президент.

 

Тэги: ЖК президент кайрылуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу