Президент "ММКФнын 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» мыйзамына кол койду

31.12.2019, 10:45 Акчабар
Президент "ММКФнын 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» мыйзамына кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кирешелер боюнча 14 579,3 млн сом суммасында, чыгашалар боюнча 13 720,5 млн сом суммасында, кирешелердин чыгашалардан 858,8 млн сомго ашыгы менен бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тэги: бюджет КР президент президент КР кол койду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу