Президент: Коррупция менен элдешкис күрөш уланат

17.09.2020, 13:00 Акчабар
Президент: Коррупция менен элдешкис күрөш уланат

«Коррупция менен элдешкис күрөш уланат», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында, - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы. 

Жыйында эки маселе — укук коргоо органдарынын республикадагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча иштеринин жыйынтыгы, ошондой эле 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору каралып жатат.

 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө 2018-жылдын февраль айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция менен элдешкис күрөш жарыялангандыгын эске салды.

«Ошондон бери коррупцияга каршы күрөшүү өзгөчө көзөмөлдө. Бул маселе боюнча Коопсуздук кеңешинин 3 жыйналышын өткөрдүк. Ушул жылдын январь айында Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматын уктук. Коррупционерлерге каршы күрөш мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлин камтыды», — деп белгиледи президент.

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңеши тарабынан сунуш кылынган антикоррупциялык иш-чараларды тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери катуу тартип жоопкерчилигине тартылышканын баса белгиледи.

«Айрымдары ээлеген кызматтарынан бошотулган. Бир нече жогорку деңгээлдеги чиновниктер тийиштүү жоопкерчиликке, анын ичинде катуу кылмыш жазаларына тартылды. Көптөгөн коррупциялык схемалар ачылды, мамлекеттик сатып алууларда, фискалдык, сот, укук коргоо органдарында, лицензиялык-уруксат берүү ишмердигин ишке ашырган органдарда, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мүлктөрдү башкаруу чөйрөсүндө коррупцияланган кылмыштуу бүтүндөй топтордун ишине бөгөт коюлду», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал 2018-2019-жылдардын жана 2020-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен коррупциялык жана кызматтык кылмыш боюнча мамлекетке келтирилген зыян 13, 6 млрд сомду түзгөндүгүн, анын ичинен мамлекеттин пайдасына 5 млрд 827 млн сом өндүрүлгөндүгүн кошумчалады.

«Бул албетте, көп эмес. 13 млрд сомдун дээрлик жарымы кайтарыла элек. Бул багыттагы иштерди күчөтүү керек», — деп белгилеген Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик бюджетти талап-тоногондорго, өзүнүн кызмат ордун пайдаланып, мыйзамсыз байыгандарга эч кандай аёо жана кечирим болбой турганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин, элдин эсебинен байыгысы келгендерди жазалоо элдин талабы экенин белгилеп, Коопсуздук кеңешинин бардык чечимдерин ишке ашыруу анын өзгөчө көзөмөлүндө экенин эске салды.

Тэги: коррупция Сооронбай Жээнбеков Жээнбеков Коопсуздук кеңеш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу