Жапаров ЖККУнун жана ШКУнун отурумуна катышат

14.09.2021, 12:25 Акчабар
Жапаров ЖККУнун жана ШКУнун отурумуна катышат

Ушул жылдын 15-17-сентябрында президент Садыр Жапаров Тажикстандын Душанбе шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жамааттык (ЖККУ) коопсуздук Кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышат.

Анда мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү жана уюмдун сессия аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө пикир алмашышат. 

Жыйыныктоочу декларацияга, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнүн маселелерин жөнгө салган 13 документке кол коюлары күтүлөт.

ШКУ отурумунун күн тартиби ШКУнун ишмердүүлүгүнүн 20 жылдагы негизги жыйынтыгы, уюм алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги, пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен кадамдар, ошондой эле регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин камтыйт.

Бул отурумдун жыйынтыгы боюнча ШКУнун 20 жылдыгына арналган мааракелик декларацияны кабыл алуу пландалууда, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешелүү 30дан ашуун документке, анын ичинде ШКУнун жаңы башкы катчысын дайындоо тууралуу чечимге кол коюлары күтүлүүдө.

 

Тэги: ШОС ОДКБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу