Президент Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Исакуловду кабыл алды

08.06.2020, 17:30 Акчабар
Президент Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Исакуловду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июнда, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Жылдызбек Исакуловду кабыл алды.

 

Жылдызбек Исакулов «Акционердик борбор» мекемесинин түзүлүшү, мүлктөрдү онлайн ижарага берүү боюнча соодалашууну өткөрүү аркылуу республикалык бюджетке түшкөн каражаттарды эселеп көбөйтүүгө жетишилгендигин белгиледи. 2015-жылга салыштырмалуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер дээрлик үч эсеге көбөйдү. Үстүбүздөгү жылы мамлекеттик ишканалардын таза пайдасы 550 млн сомду түзөөрү күтүлүүдө. Бул башта бекитилген пландан 50 млн сомго ашыкча.

Ал бүгүнкү күндө 33 акционердик коом менен 104 мамлекеттик ишкананын отчетторун электрондук форматка которуу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады. Алардын бардык каржылык-экономикалык ишмердүүлүктөрү Фонддун сайтында жеткиликтүү болот.

Мындан сырткары, мамлекеттик мүлктөрдү инвентаризациялоо боюнча автоматташтыруу процесси улантылып жатат. Бул этапта мамлекеттик мүлктүн миңден ашуун объектисин инвентаризациялоо пландаштырылууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн «Бирдиктүү терезе» принциби киргизилиши керектигин баса белгиледи.

Мамлекеттик компаниялардын жетекчилери заманбап санарип технологияларды киргизүү жана «Түндүк» тутумуна кошулуу менен ишмердүүлүктү оптималдаштыруу жана сапатын көтөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушу керек.

 

Тэги: президент мамлекет мүлктү башкаруу фонду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу