Президент: «Биз бардык ийгиликтерге талыкпаган эмгек менен гана ээ болгон коомбуз»

01.05.2020, 10:35 Акчабар
Президент: «Биз бардык ийгиликтерге талыкпаган эмгек менен гана ээ болгон коомбуз»

Президент кыргыз калкын 1-май Эмгек майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саяссат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди 1-Май — Эмгек майрамы менен куттуктайм!

Биз бардык ийгиликтерге талыкпаган эмгек менен гана ээ болгон коомбуз.

Өлкөбүздүн өнүгүүсү, бүгүнкүсү жана келечеги — табигый ресурстарга, жаратылыш байлыгына гана эмес, эмгек адамынын аракетине негизделген.

Биздин мамлекетибизде адам ресурсун өнүктүрүү, эмгек адамын даңазалоо — ар дайым маанилүү багыт бойдон кала берет.

Жалпы дүйнө жүзү боюнча ишмердүүлүк кыскарган азыркы учурда, эмгектин баркы, эмгек менен гана жашообуз мазмундуу экени дагы бир ирет даана көрүндү.

Замандын жаңы талаптарына татыктуу жооп бере алган коомду, өнүккөн мамлекетти куруу үчүн бирге аракет жасап, чогуу эмгек кылалы.

Бардык мекендештериме ден соолук, бакты-таалай, ийгиликтерди каалайм!

Жараткан Кудайым колдоп, ар дайым элибизде биримдик, Кыргызстаныбызда тынчтык болсун!»

Тэги: президент Эмгек майрамы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу