Президент: Финансы полициясы силердин материалдар УКМК менен ИИМдикинен дагы сырдуубу?

24.01.2020, 12:00 Акчабар
Президент: Финансы полициясы силердин материалдар УКМК менен ИИМдикинен дагы сырдуубу?

Кээ бир жетекчилер ишти Коопсуздук Кеңешине жөнөтүп жатып, кол койоордон мурун аны окуп дагы алышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 24-январды президент Коопсуздук Кеңешинин жыйынында билдирди. 

«Мисалы, Финансы  полициясы өздөрүнүн материалдарында кылмыш-жаза жана жазык-жобо мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мораторий бар деп, өкмөттүн 2018-жылдагы токтомуна шилтеме берип,  билдирип жатышат. Аталган токтом 2019-жылдын апрель айында күчүн жогткон. 8 ай мурун. Андан сырткары, дагы ЖК биринчи окууда Укук коргоо органдарынын кызмат өтөө жөнүндө жобону каралган деп жазылып турат. А бул мыйзам 2020-жылдын башында кабыл алынган», - деп айтты. 

Өлкө башчы мындай иштердин бардыгы тең Коопсуздук Кеңешке жасалып жаткан мамиле экенин билдирди. 
 

«Башка мисал. Коопсуздук кеңешинин жыйынтыгы менен, укук коргоо органдарына бардык резонанстуу иштердин жыйынтыгын ачык билдиргиле деген сунуш түшкөн. ИИМ жана УКМК керектүү материалдарды чыгарып турушат. Финансы полициясы эч кандай маалыматты жашыруун деген шылтоо менен көрсөтүшпөйт. Силердин материалдар УКМК жа ИИМден дагы сырдуубу?» -  деп сурады президент. 

Президент Коопсуздук Кеңешинин чечимине өзгөчө көңүл буруп, аны жоопкерчиликтүү аткарууга чакырды. 

 

 

Тэги: президент президент КР Финполиция УКМК ИИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу