Президент Улуттук банктын жетекчисин кабыл алды

20.03.2020, 14:45 Акчабар
Президент Улуттук банктын жетекчисин кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-мартта  Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин официалдуу сайтында маалымдалат. 

Жолугушууда Абдыгулов, каржылык туруктуулукту сактоо жана улуттук валютанын алмаштыруу курсуна тышкы факторлордун терс таасирин жумшартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Калк менен ишкердик субъектилерди коронавирустун терс экономикалык кесепеттеринен коргоо максатында көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

«Учурда валюта рыногунда чет элдик валюталарга суроо-талап жогору болуп турат. АКШ долларынын курсунун жогорулашы дүйнөлүк каржы базарларындагы өзгөрүүлөргө жана биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн базарларындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу. Бул өңүттөн алганда Кыргызстанда дагы долларга жана калган валюталарга карата валютанын курсу түзөлтүлүп жатат», — деп маалымат берди Толкунбек Абдыгулов.

Алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүн жайгаруу максатында Улуттук банк чет элдик валютаны сатуу боюнча интервенцияларды жүргүзүп жатат.

Мындан сырткары, Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын 18-мартында «Коронавируска байланыштуу каржы-насыялык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө» токтому кабыл алынган.

Аталган токтомго ылайык, коронавируска байланыштуу насыяларды өз маалында төлөй албаган жана насыя тарыхчасы начарлаган зайымчыларга карата айыптык санкцияларды колдонуу боюнча коммерциялык банктарга чектөөлөр киргизилүүдө. Ошондой эле коммерциялык банктарга насыяларды төлөө боюнча мөөнөттү кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берүү сунуштамалары берилди.

Мамлекет башчысы азыркы түзүлгөн экономикалык кырдаалды, анын ичинде Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүндөгү абалды эске алуу менен туруктуу макроэкономикалык кырдаалды камсыздоо жана улуттук валютанын туруктуулугун колдоо зарылдыгын баса белгиледи.

«Өлкө экономикасына тышкы терс таасирлерди азайтуу боюнча антикризистик чараларды иштеп чыгууну жана бекитүүнү тездетүү керек», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков өлкөдө коронавирустун жайылышын жана доллардын баасынын жогорулашына жол бербөө чараларына байланыштуу бул абалда насыяларын төлөөдө кыйынчылыкка дуушар боло турган ишкердик субъекттерге жана зайымчыларга колдоо көрсөтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков каржылык-насыялык уюмдар азыркы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, кардарларына карыздарын төлөө жана насыяларды реструктуризациялоо маселелеринде болушунча жардам бериши керектигин баса белгиледи.

Тэги: президент Улуттук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу