Садыр Жапаров "Экономиканын өзгөчө кырдаал чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чуулгандуу мыйзамга каршы пикирин билдирүү менен Жогорку Кеңешке кайтарып берди. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Экономика жана каржы министрлиги болгон. Ченемдик укуктук акт бир эле убакта күчүнө кирген бир нече мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү камтыйт. Анын негизги идеясы экономикада өзгөчө кырдаал деп аталган мезгилде ыйгарым укуктардын көбүн Министрлер кабинетине өткөрүп берүү болуп эсептелет.
Экономикага өзгөчө кырдаалдарды киргизүү үчүн төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири дал келиши жетиштүү:
Кыргызстандагы пандемиянын төмөндөшүн эске алганда, эгер документке кол коюлган болсо, анда республикага өзгөчө кырдаал режими киргизилмек.