Президент Ысык-Көлдөгү жеке коргоочу каражаттарды чыгарган компания менен таанышты

03.08.2020, 15:30 Акчабар
Президент Ысык-Көлдөгү жеке коргоочу каражаттарды чыгарган компания менен таанышты

Ысык-Көл облусунда «Айко Сейко» компаниясы ата мекендик өндүрүштөгү жеке коргоочу каражаттарды чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык,  «Айко Сейко» ЖЧКсы текстиль ишканасы  өлкөнүн күч түзүмдөрү үчүн атайын кийимдерди тигет. 

«Айко Сейко аталышы япон тилинен которгондо, ийгиликке, тактыкка умтулуу дегенди түшүндүрөт. Япон компаниялары менен ишкердик жаатында байланыштарыбыз бар. Биздин ураан: кыргызстандыктарды ата мекендик өндүрүштөгү кийимдер менен камсыздайбыз», — деп билдирди ишкананын жетекчиси.

Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу үчүн аларды Казакстан жана Россиядагы ишканаларга жиберип турушат.

2018-жылы аталган ишканага Россия-Кыргыз өнүгүү фонду тарабынан 590 миң АКШ доллары насыя катары бөлүнүп, бир жыл ичинде бардык иштер бүткөрүлгөн.

Эске салсак, РКӨФ өлкөнүн башка каржы институттары сыяктуу эле акыркы жылдары аймактардагы долбоорлорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатка ылайык, 70%дын тегерегиндеги активин айыл жергесиндеги чакан жана орто ишканаларды колдоого багыттап келе жатат.

Тэги: Ысык-Көл облусу Айко Сейко компания

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу