Быйылкы Нооруз майрамына арналган көк бөрү оюнунун жалпы байгеси 7 млн сомду түзөт. Анын 3 млн сому президенттин фондунан берилет. Бул тууралуу “Кактус” медиасы оюндун баяндамачысы Асылбек Өзүбековго таянып билдирди.
Белгилей кетсек, учурда Бишкектин Ак-Кула ат майданында Нооруз майрамына карата республикалык көк бөрү улуттук оюну өтүп жатат. Ушул күндөрү тайпалык оюндар өтүүдө. 21-мартта жарым финал жана финалдык оюндар аталган ат майданда өтөт.