Президент өлкөнүн калкын каттоо боюнча даярдыктардын жүрүшү менен таанышты

22.01.2020, 09:05 Акчабар
Президент өлкөнүн калкын каттоо боюнча даярдыктардын жүрүшү менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбековго 21-январь күнү,  Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов өлкөдөгү калкты каттоо боюнча даярдыктардын жүрүшү менен тааныштырды. Президент менен комитеттин төрагасынын жолугушуусу кечээ 21-январда болгон. 

Андан сырткары, Султанов учурдагы ишмердүүлүк, улуттук статистика системасын өркүндөтүү чаралары жана жакынкы келечекке карата артыкчылыктуу пландар жөнүндө маалымат берди.

Кыргызстанда калкты каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин, алыскы аймактарда 20-апрелден 29-апрелге чейин жүргүзүлөт. Калкты каттоо толугу менен электрондук форматта мобилдик тиркеменин жардамы менен өткөрүлүп, Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан «Survey Solutions» программасы колдонулат. 

Жалпысынан Кыргызстандын аймагында 500дөн ашуун каттоо бөлүмдөрү жана 4 миңге жакын инструктордук участкалар ачылат.

 

Тэги: Нацстатком перепись населения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу