Оштогу мектептин сметасы 2,9 млн сомго ашыкча бааланган

15.06.2021, 11:00 Акчабар
Оштогу мектептин сметасы 2,9 млн сомго ашыкча бааланган

Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери подрядчик менен тил табышып, мектептин курулушуна кеткен чыгымды ашыкча эсептеп чыгышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-августунда 60 орундуу мектептин имаратын курууга келишим түзүлгөн. Смета боюнча Сарай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 7,1 млн сом бөлүнгөн.

"Бирок аткарылган жумуштарды контролдук өлчөө учурунда Сарай айыл өкмөтүнүн жана «К.С.С.» ЖЧКнын кызмат адамдары мамлекетке жалпы суммасы 2,9 миллион сомдук зыян келтиргендиги аныкталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда сотко чейинки процесстер башталды.

Тэги: прокуратура школа строительство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу