Улуттук банктын алты айдагы кирешеси 8,5 млрд сомдон ашты

29.07.2022, 12:16 Акчабар
Улуттук банктын алты айдагы кирешеси 8,5 млрд сомдон ашты

Алты айда Кыргызстандын Улуттук банкынын кирешеси 8 миллиард 573 миллион 962 миң сомду түздү. Бул тууралуу регулятордун 30-июнга карата каржылык абалы тууралуу отчетунда айтылат.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Улуттук банктын кирешеси 6 миллиард 844,5 миллион сомду түзгөн. Өсүш 25,3%.

"Белгилей кетүүчү нерсе, мыйзамдарга ылайык, Улуттук банк пайда алуу максатын көздөбөйт. Ушуга байланыштуу кирешелер жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына жараша түзүлөт жана ага эл аралык резервдерди башкаруудан, банктарга жана эл аралык уюмдарга берилген кредиттерден, мамлекеттик баалуу кагаздардан, чет өлкө валютасы жана алтын менен операциялардан түшкөн кирешелерден пайыздык кирешелер, ошондой эле башка кирешелер кирет, — деп билдирди Улуттук банк "Акчабарга".

Тэги: Нацбанк КР доходы прибыль Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу