Кыргызстандын камсыздандыруу компаниялары тогуз айда 272,3 млн сом пайда тапты

29.12.2021, 13:58 Акчабар
Кыргызстандын камсыздандыруу компаниялары тогуз айда 272,3 млн сом пайда тапты

Ушул жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда 14 компания камсыздандыруу ишин жүргүздү. Жыл башынан бери алар 1 млрд 265 млн сом киреше тапкан, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,3 эсеге көп.

Ошол эле учурда компаниялардын чыгымдары 1,4 эсеге өсүп, 1 млрд 8,1 млн сомду түздү.
Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча 11 камсыздандыруу компаниянын пайдасынын көлөмү 272,3 млн сомдү түзсө, ал эми үч компания чыгым тарткан. Акыркы каржылык оң натыйжа болуп, 256,9 млн сомду түздү, бул 2020-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 2,1%га көп.

“1-октябрга карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 176,7 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү (өсүү 1,7 эсе). Алардын ичинен 153,3 миңи же 86,7%ы жеке жактар, 23,5 миңи (13,3%) юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдер”, - деп билдиришти Улуттук статистика комитетинен.

Ошондой эле, түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 73,2% ыктыярдуу камсыздандырууга, 26,8%ы милдеттүү камсыздандырууга туура келген.

Тэги: страховые компании прибыль деньги Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу