Окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу толук түрдө онлайн өтөт

08.07.2020, 12:50 Акчабар
Окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу толук түрдө онлайн өтөт

Быйыл ЖОЖ жана кесиптик орто окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу толук түрдө онлайн өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

 

Анын айтымында, мындай чечим өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен кабыл алынган.

«Ал үчүн атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыкты. Онлайн системанын негизги максаты – пандемия учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо жана бардык абитуриенттерге бирдей шарт түзүү. Аны менен бирге, абитуриенттерге ЖОЖго кирүү үчүн конкурска электрондук форматта катышууга мүмкүнчүлүк түзүп, кабыл алуу комиссияларынын конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү таасирин минималдаштыруу болуп эсептелет», - дейт ал.

Жусупбекова белгилегендей, автоматташтырылган маалыматтык системасы абитуриенттерди объективдүү түрдө окуу жайга кабыл алууга шарт түзөт.

«2020.edu.gov.kg сайтына Кыргызстандагы бардык окуу жайлар, факультеттер, адистиктер киргизилген. Жалпы республикалык тестирлөөдөн босого баллдан жогору алган ар бир абитурент тиешелүү сертификат жана талон менен жогорку окуу жайдын имаратына барбай эле, өлкөнүн каалаган бурчунан порталга катталып, окуу жайга тапшыра алат. Профилдик предметтик тесттин болушу тиешелүү багыттарга кабыл алууда абитуриентке артыкчылык укук берет. Жеңилдик алууга талапкерлер тиешелүү документтерди тиркеши керек», - деп айтты Жусупбекова.

Ал кошумчалагандай, окуу жайга кабыл алуунун биринчи туру 20-июлда башталат. Табыштаманы 22-июль саат 14:00гө чейин берүү зарыл. Кабыл алууга сунушталган абитуриент 25-июль саат 18:00гө чейин тандаган адистик боюнча билим ала турганын тастыкташы керек, тастыкталбаган учурда анын орду бош деп эсептелет.

«Тастыктоо үчүн абитуриент автоматташтырылган маалыматтык системасына электрондук түрдө кийинки документтерди тиркеши керек: паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк; орто жалпы билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими жөнүндө диплом; ЖРТнын сертификатынын алдыңкы бети; окуу үчүн төлөм жөнүндө дүмүрчөк (контракттык негизде кабыл алынган учурда). Аталган документтердин түп нускаларын жогорку окуу жайга окуу жылдын башында берүү керек. Бош орундар болгон учурда 2-тур 27-июлдан 1-августка чейин өткөрүлөт. Табыштамалар 29-июль саат 14:00гө чейин кабыл алынат. 3-тур Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен 3-августтан 8-августка чейин өткөрүлөт, каттоо 5-август саат 14:00гө чейин жүрөт. Окутуунун сырттан жана кечки формасына кабыл алуунун мөөнөттөрү ЖОЖ тарабынан өз алдынча белгиленет», - деди ал.

Эскерте кетсек, 13-19-июль аралыгында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгат.

 

 

Тэги: коронавирус Кыргызстан Минобразования

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу